Юридикалык жактарга

Коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, коркунучтуу жүктөрдү ташуу процессинде үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, коркунучтуу жүктөрдү ташуу процессинде үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруу учуру

Камсыздандыруу учуру – болуп өткөн окуя, анын келип чыгышы менен жүк ташуучу катары чыккан Камсыздануучуда коркунучтуу жүктөрдү ташууда транспорт каражатын пайдаланууга байланыштуу үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген, күтүлбөгөн, алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жана ниетсиз мүнөздөгү себептердин күчү менен келип чыккан зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси келип чыгат жана ал Камсыздануучуга Үчүнчү жактар тарабынан колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте расмийлештирилген, зыянды ордун толтуруу жөнүндө негиздүү талаптардын же доолордун коюлушу фактысы менен тастыкталат.

Камсыздандыруу суммасы

Камсыздандыруу суммасы – милдеттүү камсыздандыруу келишими менен аныкталган сумма, андан камсыздандыруу төгүмүнүн жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмдөрү белгиленет.

Камсыздандыруу келишиминин иштөө мезгилинде болгон бардык камсыздандыруу учурлары боюнча төлөмдөрдүн жалпы суммасы камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн аша албайт.

Камсыздандыруу тарифи

Конкреттүү жүк үчүн камсыздандыруу тарифи коркунучтуу жүктүн классификациясына, ташылуучу жүктүн көлөмүнө, аны ташуучу транспорттун түрүнө жана мүмкүн болуучу зыяндын өлчөмүнө жана анын келип чыгуу ыктымалдыгына таасир этүүчү башка факторлорго жараша белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмүн эсептөө

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу төгүмүн биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78