Компания жөнүндө

Кардарга багытталган ишенимдүү камсыздандыруу компаниясы

2013-жылдан бери ачыктыкка, тез колдоого жана санарип чечимдерге таянып иштейбиз.

Компаниянын тарыхы

 

«Арсеналъ-Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын жабык акционердик коому 2013-жылдын 7-июнунда негизделген. Ошол күндөн тарта компания Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунда иш алып барып, жеке жана юридикалык жактарга камсыздандыруу кызматтарынын кеңири спектрин сунуштайт.

 

Лицензиялар жана ишмердүүлүктүн түрлөрү

 

Бүгүнкү күндө компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан берилген 17 лицензияга ээ. Лицензиялардын мөөнөтү чексиз.

«АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» төмөнкү багыттар боюнча иштейт:

Мүлктүк камсыздандыруу түрлөрү (анын ичинде унаа каражаттарын, жүктөрдү, аба кемелерин, ишканалардын мүлкүн жана бардык тобокелдиктерден камсыздандыруу);

Миңдеттүү камсыздандыруу түрлөрү (анын ичинде миңдеттүү автоунаа жарандык жоопкерчилик камсыздандыруусу — лицензия 2017-жылдын июль айында алынган);

Ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрү;

Кайра камсыздандыруу.

 

Каржылык туруктуулук жана ишенимдүүлүк

 

Компания каржылык туруктуулугу, ишенимдүүлүгү жана милдеттенмелерин аткарууга жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланат. Башкы компания — СК «Арсеналъ-Кыргызстан» 2012-жылдын сентябрында «Эксперт РА» рейтинг агенттигинен А («Жогорку ишенимдүүлүк деңгээли») рейтингин алган.

ЗАО СК «Арсеналъ-Кыргызстан»дын уставдык капиталы 150 000 000 сомдон ашуун түзөт.

 

Биздин артыкчылыктар

 

Кардарлардын 91% төлөмдөрдүн мөөнөтүнө жана көлөмүнө канааттанышат — бул ар бир камсыздандыруучу алдындагы жоопкерчилигибизди тастыктаган мыкты көрсөткүч.

Биз Кыргызстандын рыногунда биринчи болуп камсыздандыруу полистерин онлайн режиминде расмийлештирүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик, ошонун аркасында камсыздандырууну алуу процесси кардарлар үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй жана ыңгайлуу болду.

Биз ишибизди ачыктыкка, ыкчам колдоого жана санарип чечимдерге негиздейбиз. Биз сунуштайбыз:

 - жашыруун чектөөлөрсүз түшүнүктүү шарттарды;

 - кайрылууларды тез карап чыгууну жана компенсацияларды төлөөнү;

 - ыңгайлуу сервистерди жана кесипкөй колдоону.

 

Компаниянын жетекчилиги

 

Жетекчиси: Давлеталиев Санжарбек Үсөнбекович

Башкы бухгалтер: Байышов Нурлан Байышович

Башкы ички аудитор: Таранчиева Мария Токбаевна

 

Байланыш маалыматтары

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 26-үй

Телефону: 7007 (звонок акысыз)

Электрондук почтасы: info@arsins.kg

Веб-сайты: arsins.kg

Борбордук кеңсенин иш графиги (Бишкек, Орозбеков көч. 26, 1-кабат):

Дүйшөмбү – Жума: 09:00 – 18:00

Ишемби – Жекшемби: эс алуу күндөрү

 

Биз өз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз, абройубузду баалайбыз жана ар бир кардарыбыз өзүн корголгон сезиши үчүн өнүгүүнү улантабыз. «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» — сиздин ишенимдүү камсыздандыруу өнөктөшүңүз.

Отчеттор жана лицензиялар

Компаниянын ачык документтери

Финансылык көрсөткүчтөр 30.06.2026

Уставдык фонд: 150 000 000 сом
Өздүк капитал: 174 897 718 сом
Камсыздандыруу резервдери: 779 812 490 сом
Камсыздандыруу төлөмдөрү: 533 915 047 сом
Камсыздандыруу боюнча төлөп берүүлөр: 45 291 484 сом
Активдер: 1 020 108 625 сом

Лицензиялар

Унаа каражаттарын камсыздандыруу шарттары Жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу эрежелери Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу эрежелери Ишканалардын мүлкүн айкалыштырылган камсыздандыруу эрежелери Чет өлкөгө чыгуучу жактарды медициналык камсыздандыруу эрежелери Правила по страхованию грузов Аба кемелерин камсыздандыруу эрежелери (авиакаско) Үчүнчү жактарга зыян келтирүү үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу эрежелери Аэропортторду пайдалануу үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу эрежелери Мүлктү бардык тобокелдиктерден камсыздандыруу эрежелери Коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу эрежелери Кырсыктан камсыздандыруу эрежелери Кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу эрежелери Курулуш-монтаждык тобокелдиктерди камсыздандыруу эрежелери Политика конфиденциальности Оферта НС Керемет Банк Публичная оферта НС Оферта О!Банк (русский) Оферта МБанк Публичная оферта ОСГО ПП МБАНК на русском языке Реквизиты КИКБ

Өнөктөштөр

Мбанк
О!Банк
Дос-Кредобанк
Оптима Банк
Элдик Банк
ДемирБанк
KICB Банк

Бош орундар

Ищем внимательного и коммуникабельного специалиста, который готов вести корпоративных и розничных клиентов, консультировать по продуктам и сопровождать оформление полисов.

  • Регулярное общение с партнерами
  • Подготовка коммерческих предложений
  • Сопровождение сделок

Камсыздандыруу деген эмне?