МҮЛКТҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
Камсыздандыруунун объектиси
Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) көрсөтүлгөн камсыздандырылган мүлктүн жоголушу/кыйрашы же бузулушу коркунучу менен, ошондой эле Камсыздануучунун өндүрүштүк/коммерциялык ишиндеги тыныгуудан улам күтүлбөгөн чыгымдардын пайда болуу коркунучу менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
Камсыздандырылуучу мүлк
Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча төмөнкү мүлктөр камсыздандырылышы мүмкүн:
имараттар (өндүрүштүк, административдик, социалдык-маданий жана коомдук пайдалануудагы ж.б.у.с.);
курулмалар жанa чарбалык имараттар (ангарлар, мунаралар, мачталар, көпүрөлөр, эстакадалар, жол өткөөлдөрү, гараждар, сактагычтар, кампалар, чатырлар, жабык аянтчалар, тосмолор ж.б.у.с.);
имараттагы/курулмадагы өзүнчө бөлмөлөр (кеңселер, цехтер, лабораториялар, кабинеттер ж.б.у.с.);
бүтө элек курулуш объектилери (бүтө элек курулуш объектилери деп: курулушу аяктабаган, бирок анда курулуш, монтаждоо жана жасалгалоо иштеринин бардык түрлөрү токтотулуп, курулуш жабдуулары жана техникасы чыгарылып, объект подрядчиктен кардарга объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен өткөрүлүп берилген жана курулуш объектиси консервацияланган абалда турган объектилер түшүнүлөт);
имараттардын (бөлмөлөрдүн) ички жана сырткы жасалгасы, анын ичинде терезе жана эшик тешиктеринин айнектелиши, витриналар, витраждар жана толугу менен же жарым-жартылай айнектен жана/же полимердик материалдардан жасалган башка объектилер (эгерде камсыздандыруу ушул айнектелиш, витрина, витраж ж.б. камтыган мүлк жана анын конструктивдик элементи менен бирге жүргүзүлсө гана);
интерьер буюмдары, эмеректер, жабдыктар, электрондук-эсептөө техникасы жана кеңсе жабдуулары;
өндүрүштүк-технологиялык жабдуулар (технологиялык түзүлүштөр, системалар, аппараттар, станоктор, берүүчү күч машиналары, башка механизмдер жана шаймандар, инвентарь, технологиялык оснастка ж.б.у.с.);
имараттардын жана курулмалардын ичинде жана/же камсыздандыруу аймагынын чегинде жайгашкан инженердик тармактар жана коммуникациялар;
жарнамалык орнотмолор, такталар, стелалар, маалымат стенддери, жарык жазуулары жана айнектен жана/же полимердик материалдардан же айнек жана/же полимердик материалдардан жасалган бөлүктөрдү колдонуу менен жасалган ушул сыяктуу башка объектилер;
товардык-материалдык баалуулуктар (товарлардын, чийки заттын, материалдардын, даяр продукциянын, бүтө элек өндүрүштөгү продукциянын запастары);
Камсыздануучуга (Пайда алуучуга) менчик укугу, чарбалык жүргүзүү, ыкчам башкаруу укугу менен таандык болгон же Камсыздануучу (Пайда алуучу) ижара, лизинг, күрөө, мүлктүк жалдоо, акысыз пайдалануу (ссуда) келишими жана/же башка мыйзамдуу негиздерде алган башка мүлк (материалдык активдер);
асыл металлдардан же асыл таштардан жасалган буюмдар, зергерлик буюмдар;
чиймелер, сүрөттөр, скульптуралар, маркалардын, монеталардын коллекциялары жана башка коллекциялар же көркөм өнөр чыгармалары;
диний культ буюмдары;
сом жана чет өлкө валютасындагы накта акчалар;
акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар;
куюлмалардагы асыл металлдар жана тагы жок асыл таштар;
компьютердик жана ушул сыяктуу системалардын техникалык маалымат алып жүрүүчүлөрү, атап айтканда магниттик тасмалар жана кассеталар, магниттик дисктер, эс тутум блоктору ж.б.;
жардыргыч заттар;
транспорт каражаттары (сактоо жана/же пайдалануу жерлеринде);
кол жазмалар, пландар, чиймелер жана башка документтер, бухгалтерия жана иш кагаздары;
модель, макет, үлгүлөр, формалар, көргөзмө нускалары ж.б.у.с.;
жер участоктору, анын ичинде түшүмдүү катмар.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТОБОКЕЛДИГИ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЧУРУ
Камсыздандыруу тобокелдиги – күтүлүүчү, болушу ыктымал жана туш келди белгилерине ээ болгон окуя, ушундай окуя болгон учурда камсыздандыруу жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу учуру – камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) каралган, болуп өткөн окуя, анын натыйжасында Камсыздандыруучунун Камсыздануучуга (Пайда алуучуга) камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү милдеттенмеси келип чыгат.
Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча Камсыздандыруучу Камсыздануучунун төмөнкү камсыздандыруу тобокелдиктеринин натыйжасында камсыздандырылган мүлктүн жоголушу/кыйрашы жана/же бузулушунан келип чыккан чыгымдарын (реалдуу зыян) ордун толтурат (төмөндө көрсөтүлгөн бир же бир нече тобокелдиктердин жыйындысы камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) өзгөчө белгиленет):
«Өрт, чагылган тийүү, жарылуу» тобокелдиги
«Суу менен бузуу» тобокелдиги
«Табигый кырсыктар» тобокелдиги
«Тоноо менен уурулук, карактоо, басмырлоо» тобокелдиги
«Үчүнчү жактардын укукка каршы аракеттери» тобокелдиги
«Айнектердин сынышы» тобокелдиги
«Кургактагы транспорт каражаттарынын сүгүнүүсү» тобокелдиги
«Учуучу аппараттардын кулашы» тобокелдиги
«Суу кемелеринин сүгүнүүсү» тобокелдиги
«Предметтердин кулашы» тобокелдиги
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ
Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) жана камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет.
Камсыздандыруу суммасы камсыздандырылган мүлктүн иш жүзүндөгү (камсыздандыруу) наркынан ашпоого тийиш. Мындай нарк болуп камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) түзүлгөн күндө камсыздандырылган мүлктүн жайгашкан жериндеги иш жүзүндөгү наркы эсептелет.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ
Камсыздандыруу сыйлыгы – бул камсыздандыруу үчүн төлөм жана камсыздандыруу тарифтерине ылайык аныкталат. Камсыздандыруу тарифтери – камсыздандыруу объектисин, камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн, ошондой эле франшизанын бар же жоктугун жана анын өлчөмүн камтыган башка камсыздандыруу шарттарын эске алуу менен, камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени. Камсыздандыруу тобокелдигинин даражасына таасир этүүчү факторлорду эсепке алуу жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициенттердин көбөйтүндүсү катары эсептелген тобокелдик коэффициентин колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Конкреттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча камсыздандыруу тарифи Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча, базалык тарифтик ченди камсыздандыруу мөөнөтүн жана камтылган камсыздандыруу тобокелдиктерин эске алуу менен, камсыздандыруу тобокелдигинин даражасын аныктоо үчүн маанилүү мааниге ээ болгон жагдайлардан келип чыгып, жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициенттердин көбөйтүндүсү катары эсептелген тобокелдик коэффициентине көбөйтүү жолу менен аныкталат.
Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча камсыздандыруу сыйлыгы Камсыздануучу тарабынан бүт камсыздандыруу мөөнөтүнө бир жолку төлөм менен же келишимде белгиленген тартипте бөлүп төлөнүшү мүмкүн.
Камсыздандыруу сыйлыгы Камсыздандыруучуга (Камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө) накталай акча менен же камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген мөөнөттөрдө Камсыздандыруучунун (Камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) эсептешүү эсебине которуу жолу менен накталай эмес формада төлөнүшү мүмкүн.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ
Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча 12 айга чейинки мөөнөткө же башка мөөнөткө түзүлөт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78