Юридикалык жактарга

Убактылуу сактоочу жайлардын / бажы кампаларынын ээлеринин жарандык жоопкерчилиги

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кампада сакталып жаткан товарларга зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында үчүнчү жактардын (Пайда алуучулардын) чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кампада сакталып жаткан товарларга зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында үчүнчү жактардын (Пайда алуучулардын) чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандыруу учуру

Камсыздандыруу тобокелдиги – Камсыздануучунун кампада сакталып жаткан товарларга зыян келтирилүүсүнүн же үчүнчү жактар менен түзүлгөн сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тобокелдиги.

Камсыздандыруу учуру – Камсыздандыруу эрежелеринде каралган бардык жоболорду, аныктамаларды жана четтөөлөрдү эске алуу менен, кампада сакталып жаткан товарларга зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында Камсыздануучунун үчүнчү жактардын – Пайда алуучулардын чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмесинин аныкталгандыгы фактысы.

Окуя төмөнкү учурларда камсыздандыруу учуру деп таанылат: эгерде зыян келтирүү камсыздандыруу келишиминин иштөө мөөнөтү ичинде болсо жана Камсыздануучунун убактылуу сактоочу жайдын / бажы кампасынын ээси катары ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу менен үчүнчү жактагы кесепеттердин ортосунда түздөн-түз себептик байланыш болсо.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу менен бажы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен аныкталат жана камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ

Камсыздандыруу тарифи – камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени.

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тарифин эсептөөдө Камсыздандыруучу камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн аныктоо үчүн маанилүү мааниге ээ болгон ар кандай жагдайлардан келип чыгып, базалык камсыздандыруу тарифтерине жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү коэффициенттерди колдонууга укуктуу.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Камсыздандыруу келишиминин иштөө мөөнөтү Тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39