Камсыздандыруунун объектиси болуп Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген, Камсыздануучунун (же жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган Адамдын) жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө, юридикалык жактардын, муниципалдык түзүлүштөрдүн, Кыргыз Республикасынын субъекттеринин мүлкүнө зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликтин келип чыгуу коркунучу менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
Камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандыруу учуру
Камсыздандыруу тобокелдиги – ушул камсыздандыруу жүргүзүлүүчү, болушу ыктымал жана туш келди белгилерине ээ болгон күтүлүүчү окуя.
Камсыздандырууга Камсыздануучунун (же жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган Адамдын) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ага үчүнчү жактарга келтирилген зыянды ордун толтуруу жөнүндө талап, доо же даттануу (мындан ары – «талап») коюлушу менен байланышкан жарандык жоопкерчиликтин келип чыгуу тобокелдиги жана ушуга байланыштуу Камсыздануучунун келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси кабыл алынат.
Эрежелерге ылайык, камсыздандырууга Камсыздануучунун (же жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган Адамдын) төмөнкүлөрдүн натыйжасында (же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу процессинде) үчүнчү жактарга зыян келтирүү үчүн жарандык жоопкерчилигинин келип чыгуу тобокелдиги кабыл алынат:
өндүрүштүк же башка чарбалык ишмердүүлүк, анын ичинде кызмат көрсөтүү (жумуш аткаруу);
коомдук-массалык, спорттук-көрүнүштүк жана маданий-агартуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү, майрамдык фейерверктерди, иллюминацияларды жайгаштыруу;
имараттарды (курулмаларды), анын ичинде турак жай фондунун объектилерин (имараттарды, батирлерди, жеке үйлөрдү), жер участокторун кармоо, пайдалануу, ижарага алуу, ижарага берүү;
өнөр жай машиналарын, механизмдерин, жабдууларын, инженердик курулмаларын пайдалануу;
Өнөр жай машиналары (механизмдери, жабдуулары) – бул өнөр жай өндүрүшүндө колдонулуучу ар кандай техникалык түзүлүштөр (станоктор, агрегаттар, жүк көтөрүү механизмдери, технологиялык машиналар, атайын техника ж.б.);
Инженердик курулмаларга ар кандай инженердик-технологиялык функцияларды аткаруу үчүн курулуучу курулуш объектилери (имараттардан тышкары) кирет, мисалы, суу менен камсыздоо жана канализация объектилери, транспорт жана байланыш курулмалары (көпүрөлөр, тоннелдер, каналдар, эстакадалар ж.б.), жылытуу, газ менен камсыздоо жана электр менен камсыздоонун инженердик системалары ж.б.;
турак жай фондунун объектилеринде курулуш, оңдоо иштерин жүргүзүү, анын ичинде аларды кайра пландаштыруу, кайра жабдуу;
жаныбарларды, анын ичинде айыл чарба жаныбарларын кармоо;
балы жетпеген адамдар тарабынан зыян келтирүү (ата-энелердин, камкорчулардын жана көзөмөлдөөчүлөрдүн өзүнө ишенип тапшырылгандар үчүн жоопкерчилиги).
Камсыздандыруу учуру – камсыздандыруу эрежелеринде каралган бардык жоболорду, аныктамаларды, четтөөлөрдү эске алуу менен, жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу учуру деп Камсыздануучунун (же жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган Адамдын) үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыянды жана/же мүлкүнө келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмесинин келип чыгуу фактысы таанылат, ал мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими же Камсыздануучу тарабынан ыктыярдуу тартипте, Камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен таанылган негиздүү талап менен камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) көрсөтүлгөн ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу процессинде тастыкталган.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ
Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) жана камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ
Камсыздандыруу сыйлыгы – бул камсыздандыруу үчүн төлөм жана камсыздандыруу объектисин, камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн, ошондой эле башка камсыздандыруу шарттарын эске алуу менен, камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени болуп саналган камсыздандыруу тарифтерине ылайык аныкталат. Камсыздандыруу тобокелдигинин даражасына таасир этүүчү факторлорду эсепке алуу жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициенттердин көбөйтүндүсү катары эсептелген тобокелдик коэффициентин колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ
Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Камсыздандыруучу менен Камсыздануучунун макулдашуусу боюнча 12 айга чейинки мөөнөткө же башка мөөнөткө түзүлөт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78