Юридикалык жактарга

Автоунаа

Унаа камсыздандыруу продуктусу «АВТОКАСКО»

Унаа каражаттарынын ээлери үчүн салттуу камсыздандыруу продуктусу.

Камсыздандырууга жатат:

Жеңил унаалар, жүк ташуучу жана башка унаа түрлөрү;

Кошумча жабдуулар. Кошумча жабдуу катары завод-даярдоочу караган комплектацияга кирбеген же тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча жабдуу деп таанылган шаймандар жана аксессуарлар эсептелет.

Автоунаа

Унаа камсыздандыруу продуктусу «АВТОКАСКО»

Унаа каражаттарынын ээлери үчүн салттуу камсыздандыруу продуктусу.

Камсыздандырууга жатат:

Жеңил унаалар, жүк ташуучу жана башка унаа түрлөрү;

Кошумча жабдуулар. Кошумча жабдуу катары завод-даярдоочу караган комплектацияга кирбеген же тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча жабдуу деп таанылган шаймандар жана аксессуарлар эсептелет.

«АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» камсыздандыруу компаниясында камсыздандыруу – бул төмөнкүлөрдүн кепилдиги:

Жогорку деңгээлдеги төлөм жөндөмдүүлүк;

Тең салмактуу жана кирешелүү камсыздандыруу портфели.

Камсыздандыруу продуктусу «АВТОКАСКО» – бул:

КАСКО – унааны бузулуудан, уурдалуудан же басып алуудан камсыздандыруу;

Унаанын бардык маркалары жана моделдери үчүн камсыздандыруу сыйлыгынын өзгөрүлмө баасы;

«Жаңынын ордуна жаңы» – камсыздандыруу төлөмү камсыздандыруу учурунда алмаштырылуучу түйүндөрдүн жана деталдардын эскирүү пайызын эсепке албастан жүргүзүлөт, уурдоо жана унаанын «толук кыйрашы» учурларынан тышкары (камсыздануучунун тандоосу боюнча);

«Эскинин ордуна эски» – камсыздандыруу төлөмү унаанын эскирүү пайызын эске алуу менен жүргүзүлөт. Эскирүүнү эсептөө эксперт тарабынан жүргүзүлөт. Унаанын эскирүү пайызы менен аныкталуучу коэффициент жабыр тартуунун бүт суммасына, анын ичинде жумуштардын жана чыгымдалуучу материалдардын баасына колдонулат (камсыздануучунун тандоосу боюнча).

Камсыздандыруу тобокелдиктери:

ЖКО (жол кыймылынын кырсыгы);

Өрт;

Чачырап кеткен же кулаган буюмдардан келген зыян;

Табигый кырсыктар;

Үчүнчү жактардын атайылап жасаган аракеттери;

Уурдоо.

Камсыздандыруунун маанилүү шарттары:

Камсыздандыруу суммасы – унаанын иш жүзүндөгү наркынан ашпаган сумма;

Камсыздандыруу мөөнөтү – 1 жылдан аз, 1 жыл, 1 жылдан ашык;

Камсыздандыруу тарифи төмөнкүлөргө жараша болот:

Унаанын баасы;

Унаанын чыгарылган жылы;

Унаанын түнкү сакталуучу жери жана уурдоого каршы каражаттардын болушу;

Унааны башкарууга уруксат берилген адамдардын саны, стажы жана курагы;

Унааны колдонуу максаты;

Франшизанын өлчөмү.

Камсыздандыруу төлөмү – камсыздандыруу суммасынын чегинде, камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык.

Толук шарттары Унаа каражаттарын камсыздандыруу эрежелеринде.

АВАРИЯЛЫК КОМИССАР – камсыздандырылган унаа боюнча чыгымдардын себептерин, мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоочу адам.

Кененирээк маалымат алуу жана камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу кайрылыңыз:

Офис: +996 (312) 398 224 / +996 (312) 398 278
Авариялык комиссар: +996 (995) 88-01-18 (Эмирлан)
E-mail: info@arsins.kg