Юридикалык жактарга

Коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу

амсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (ал бүтүм боюнча кредитор болуп саналат) Камсыздануучунун контрагенти тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы (тийиштүү аткарбагандыгы) натыйжасында ага зыян келтирилүүсү менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруунун объектиси

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (ал бүтүм боюнча кредитор болуп саналат) Камсыздануучунун контрагенти тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы (тийиштүү аткарбагандыгы) натыйжасында ага зыян келтирилүүсү менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЧУРЛАРЫ

Камсыздандыруу учуру – камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган, болуп өткөн окуя (товардын, жумуштун же кызматтын акысынын төлөнбөшү, товардын же продукциянын жеткирилбеши, жумуштардын аткарылбашы), анын келип чыгышы менен камсыздандыруучунун камсыздануучуга, камсыздандырылган адамга же пайда алуучуга камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү милдеттенмеси келип чыгат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруучу мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген же ал жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө милдеттенген сумма.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СЫЙЛЫГЫ

Камсыздандыруу сыйлыгы Камсыздануучу тарабынан бир жолку – бүт камсыздандыруу мөөнөтүнө бир жолку төлөм менен же бөлүп (камсыздандыруу төгүмдөрү менен) төлөнүшү мүмкүн. Камсыздандыруу сыйлыгын төлөө тартиби камсыздандыруу келишиминде белгиленет.

КУРУЛУШ-МОНТАЖДЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ КАМСЫЗДАНДЫРУУ

Камсыздандыруунун объектиси

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн курулуш-монтаждык иштердин объектилеринин жоголушу/кыйрашы же бузулушу коркунучу менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары (мүлктү камсыздандыруу), жана/же курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө, юридикалык жактардын, муниципалдык түзүлүштөрдүн, Кыргыз Республикасынын субъекттеринин мүлкүнө зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликтин келип чыгуу коркунучу менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген Камсыздануучунун мүлктүк кызыкчылыктары (жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу), ошондой эле Камсыздануучунун анын тарабынан курулган (монтаждалган) имараттарга, курулмаларга жана жабдууларга карата ишке киргизүүдөн кийинки кепилдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча күтүлбөгөн чыгымдары (зыяндары) менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары (финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу) саналат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТОБОКЕЛДИГИ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЧУРУ

Камсыздандыруу учуру – камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) иштеп жаткан мезгилинде болгон күтүлбөгөн жана алдын ала билүүгө мүмкүн эмес окуя.

Камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) төмөнкү окуялардын (камсыздандыруу тобокелдиктеринин) натыйжасында камсыздандырылган объектилердин бузулушу же жоголушу учурларына түзүлүшү мүмкүн:

өрт, кандайдыр бир себептен жарылуу (террористтик актыдан тышкары), чагылган тийүү;

табигый кырсыктар: жер титирөө, жер көчкү, оползень, жердин чөгүшү, кар көчкүсү, сел, суу ташкыны, каптоо, шор суулардын ташкыны, топурак суулары менен шыбалуу, смерч, бороон, дауыл, шторм, нөшөр, катуу кар жаашы, мөндүр, муз каптоо;

үчүнчү жактардын укукка каршы аракеттери (уурулук; карактоо; талап-тоноо; жогоруда саналып өткөн аракеттерге аракеттенүү, камсыздандырылган мүлктү атайылап жок кылуу же бузуу; камсыздандырылган мүлктү этиятсыздыктан жок кылуу же бузуу);

инженердик тармактардын авариялары (суу түтүгү, канализация, жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, желдетүү, өрт өчүрүү системалары), кошуна (бөтөн) бөлмөлөрдөн суунун кириши;

курулуш жана/же монтаждык иштердин объектилерин долбоорлоодо жол берилген каталар;

камсыздандырылган мүлктүн бөлүгү болуп саналбаган кулап жаткан же түшкөн буюмдардын натыйжасында мүлктүн урашы же бузулушу, анын ичинде учкуч аппараттын, анын бөлүктөрүнүн же жүктүн кулашы;

иш жүргүзүүнүн ченемдеринин жана эрежелеринин ниетсиз бузулушу (жалкоолук, этиятсыздык ж.б.у.с.);

транспорт каражаттарынын сүгүнүшү, оодарылышы, курулуш техникасынын кагылышы.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) жана камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет.

Мүлктү камсыздандыруу бөлүгүндө курулуш-монтаждык тобокелдиктерди камсыздандырууда камсыздандыруу суммасы Камсыздандыруучу менен Камсыздануучунун макулдашуусу боюнча подряддык иштердин объектисинин иш жүзүндөгү наркынын (камсыздандыруу наркынын) чегинде жана алардын иш жүзүндөгү наркын тастыктаган документтердин негизинде белгиленет:

Курулуш иштери боюнча – алар бүткөндө курулуш иштеринин толук долбоордук (сметалык) наркынын өлчөмүндө, анын ичинде курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын наркы, эмгек акы чыгымдары, ташуу чыгымдары, бажы төлөмдөрү, ошондой эле заказчик тарабынан жеткирилүүчү материалдардын жана курулуш элементтеринин наркы;

Монтаждык иштер боюнча – алар бүткөндө монтаждык иштердин толук долбоордук (сметалык) наркынын өлчөмүндө, анын ичинде монтаждалуучу жабдуулардын наркы, материалдардын наркы, эмгек акы чыгымдары, ташуу чыгымдары, бажы төлөмдөрү, ошондой эле заказчик тарабынан берилүүчү материалдар, жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр;

Курулуш аянтчасынын жабдуулары боюнча – аларды куруу үчүн арналган каражаттардын өлчөмүндө, курулуштун жыйынтыкталган сметалык эсебине ылайык же курулуш аянтчасынын жабдууларынын иш жүзүндөгү наркынын өлчөмүндө, анын наркын тастыктаган документтердин негизинде;

Курулуш техникасы жана механизмдери боюнча – камсыздандыруу келишимин (полис) түзүү учурунда бул мүлктүн жайгашкан жериндеги көрсөтүлгөн машиналардын, механизмдердин, жабдуулардын жана буюмдардын наркы, алардын наркын тастыктаган документтердин негизинде;

Коштолуучу мүлк боюнча – калыбына келтирүү наркын аныктоо боюнча эксперттик корутундуга же анын наркын тастыктаган башка документтерге ылайык кыймылсыз мүлктүн наркы.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ

Камсыздандыруу тарифи – камсыздандыруу объектин жана камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн, ошондой эле башка камсыздандыруу шарттарын эске алуу менен, камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени. Конкреттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тарифи тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү тараптар макулдашкан камсыздандыруу суммасынын, базалык тарифтик чендин жана оңдоо коэффициенттеринин негизинде аныкталат.

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгы Камсыздануучу тарабынан бир жолку – бүт камсыздандыруу мөөнөтүнө бир жолку төлөм менен же бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө) жолу менен – камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте төлөнүшү мүмкүн.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Камсыздандыруу келишими, эгерде келишимдин шарттарында башкасы каралбаса, бир жыл мөөнөткө түзүлөт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78