Юридикалык жактарга

Аба кемелерин камсыздандыруу (АВИАКАСКО)

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн аба кемесине же анын өзүнчө агрегатына ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө менен байланышкан, анын кыйрашы, дайынсыз жоголушу же бузулушу себеп болгон мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Аба кемелерин камсыздандыруу (АВИАКАСКО)

Камсыздандыруунун объектиси

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн аба кемесине же анын өзүнчө агрегатына ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө менен байланышкан, анын кыйрашы, дайынсыз жоголушу же бузулушу себеп болгон мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандырылуучу объектилер

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча төмөнкүлөр камсыздандырылышы мүмкүн:

мамлекеттик каттоо күбөлүгү, учууга жарамдуулук сертификаты (күбөлүгү) же аларды алмаштыруучу башка документтери бар аба кемелери (жарандык, мамлекеттик жана эксперименталдык авиациянын);

аба кемесинин бортунда орнотулган жана тийиштүү түрдө расмийлештирилген документтери (паспорт, формуляр ж.б.) бар аба кемесинин өзүнчө агрегаттары.

Эгерде камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруунун объектиси өзүнчө агрегат болуп саналса, аба кемесине тиешелүү жоболор камсыздандырылган агрегатка да колдонулат.

Камсыздандыруу келишиминде бир же бир нече аба кемесин же агрегатты камсыздандыруу каралышы мүмкүн.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТОБОКЕЛДИГИ ЖАНА УЧУРУ

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу учуру келген учурда, тактап айтканда, төмөнкү учурларда камсыздандыруу жүргүзүлөт:

Камсыздандыруунун иштеп жаткан мезгилинде болгон окуянын натыйжасында аба кемесинин кыйрашы (толук же конструктивдик), дайынсыз жоголушу же бузулушу коркунучтары.

Камсыздандыруу учуру – Камсыздандыруунун иштеп жаткан мезгилинде болгон окуянын натыйжасында аба кемесинин кыйрашы (толук же конструктивдик), дайынсыз жоголушу же бузулушу болуп саналат.

Камсыздандырылган аба кемесинен алынган өзүнчө агрегатка карата, мындай агрегат аэропорттун аймагынан чыкпаса, башка аба кемесине орнотулбаса же анын ордуна башка агрегат орнотулбаса, камсыздандыруу иштейт.

Камсыздандыруу учурунун натыйжасында жасалган авариялык оңдоодон кийинки сыноо учуусунун убагында болгон окуянын натыйжасында аба кемесинин кыйрашы (толук же конструктивдик), дайынсыз жоголушу же бузулушу, эгерде окуя камсыздандыруунун мөөнөтү ичинде болсо, камсыздандыруу учуру катары каралат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу келишими менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын жана камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмдөрү белгиленет.

Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишими менен тараптардын макулдашуусу боюнча, камсыздандыруу наркынан келип чыгып белгиленет. Камсыздандыруу суммасы аба кемесинин камсыздандыруу наркынан ашпоого тийиш.

Камсыздандыруу суммасы кыргыз сомунда белгиленет. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандыруу келишиминде чет өлкө валютасында камсыздандыруу суммасы көрсөтүлүшү мүмкүн, анын эквиваленти сомдогу тиешелүү сумма болуп саналат (мындан ары – валюталык эквивалент менен камсыздандыруу).

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ

Камсыздандыруу тарифи – камсыздандыруу объектин жана камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн эске алуу менен, камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени. Камсыздандыруу тарифинин конкреттүү өлчөмү камсыздандыруу келишими менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Камсыздануучу менен Камсыздандыруучу макулдашкан каалаган мөөнөт, анын ичинде бир рейсти (учууну) же бир нече рейсти (учууну) аткаруу мөөнөтүнө.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78