Камсыздандыруунун бул түрү Камсыздандырылуучу адамдын чет өлкөнүн аймагында болуу мезгилинде, медициналык жардам алуу зарылчылыгына, репатриацияны жүзөгө ашырууга жана башка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде транспорттук кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды жабат.
Биз «ЛОГО БАЛТ АССИСТАНС» Сервистик кызматынын колдоосу менен камсыздалган медициналык чыгымдарды камсыздандыруунун эл аралык полисун сунуштайбыз.
Биз чет өлкөгө сапар учурунда күтүлбөгөн оору же кырсык учурунда, дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө медициналык жардамды уюштурууга жана ага акы төлөөгө 24 саат бою кепилдик беребиз.
Кырсык учуру – Камсыздандырылуучунун организмине күтүлбөгөн, кыска мөөнөттүү, алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон сырткы таасир, ал травмага жана/же анын ден соолугунун башка бузулушуна же өлүмгө алып келген, оорулардан (сыркоолордон) тышкары.
Күтүлбөгөн оору – Камсыздандырылуучунун ден соолугунун камсыздандыруу мезгилинде башталган күтүлбөгөн, күтүүсүз бузулушу, ал шашылыш медициналык кийлигишүүнү талап кылган жана өнөкөт оорунун жана/же камсыздандыруунун иштөө мөөнөтү башталганга чейин болгон оорунун кесепети болуп саналбайт, ага карата дарылоо жүргүзүлгөнбү же жокпу, байланышсыз.
Шашылыш медициналык жана башка жардам алуу үчүн камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн телефондор боюнча же SMS аркылуу түнү-күнү иштөөчү «ЛОГО БАЛТ АССИСТАНС» Сервистик кызматына байланышуу зарыл.
Камсыздандырылуучу адамдар
Камсыздандыруу полисин сатып алган адамдар камсыздандырылышы мүмкүн. Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу учуру келген учурда, тактап айтканда төмөнкү учурларда камсыздандыруу жүргүзүлөт:
Камсыздандырылуучунун күтүлбөгөн оорусунан, кырсык учурунан жана башка чыгымдардан (транспорт, байланыш, сөөктү репатриациялоо), анын ичинде коштоп жүрүүчүнү, Камсыздандырылуучуну жана анын балы жетпеген балдарын транспортировкалоо боюнча келип чыккан медициналык чыгымдардын пайда болушу;
Кырсык учурунун натыйжасында Камсыздандырылуучунун майып болушу (балдар үчүн – «майып бала» категориясы) же кырсык учурунун натыйжасында Камсыздандырылуучунун өлүмү;
Камсыздандырылуучуга таандык жана камсыздандыруу келишимиnde (полисинде) көрсөтүлгөн жана/же ташуучуга катталып, сактоого өткөрүлүп берилген жүктүн жок кылынышы, бузулушу же жоголушу (мындан ары – «Жүктүн жоголушу жана бузулушу»);
Камсыздандырылуучу үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна жана/же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебинен чыгарган же чыгарууга тийиш болгон чыгымдар.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ
Камсыздандыруу суммасы ар бир камсыздандыруу тобокелдиги боюнча өзүнчө белгиленет (эгерде камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса). Бир же бир нече камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы белгилүү бир камсыздандыруу тобокелдиги боюнча белгиленген камсыздандыруу суммасынан аша албайт.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ
Конкреттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тарифи Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча, камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда колдонулуучу базалык тарифтик ченди камсыздандыруу тобокелдигинин даражасын аныктоо үчүн маанилүү мааниге ээ болгон жагдайлардан (Камсыздандырылуучунун жашы, камсыздандыруунун аракет аймагы, сапардын максаты (спорт менен машыгуу, активдүү эс алуу, командировка, убактылуу иш ж.б.)) келип чыгып, жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициенттердин көбөйтүндүсү катары эсептелген тобокелдик коэффициентине көбөйтүү жолу менен аныкталат, камсыздандыруу мөөнөтүн жана камтылган камсыздандыруу тобокелдиктерин эске алуу менен. Камсыздандыруу сыйлыгын төлөө, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса, бир жолку төлөм менен жүргүзүлөт.
САПАР УЧУРУНДА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Эгерде сапар учурунда Сизге күтүлбөгөн оору же кырсык учурунан улам медициналык жардам талап кылынса, төмөнкүлөр зарыл:
Жеке өзүңүз же өкүлүңүз (гид, дарылоочу врач ж.б.) аркылуу 24 сааттын ичинде Сервистик компаниянын Кезекчи борборуна (орус тилдүү диспетчерлер иштешет) сутканын каалаган убагында телефон чалыңыз:
«ЛОГО БАЛТ АССИСТАНС»
Күнү-түнү иштөөчү орус тилдүү Контакт-борбор: +7 4012 605 274 (Россия)
Факс: +7 4012 60 52 54;
Skype: baltassistans
SMS билдирүүлөр үчүн номер: +7 9097 765 197
Же болбосо Полисте көрсөтүлгөн телефондор боюнча болгон жериңиздеги клиникага түз кайрылып, төмөнкүнү билдириңиз:
Сиздин «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААК компаниясында камсыздандырылганыңызды;
өзүңүздүн фамилияңызды, атыңызды, Полисиңиздин номерин жана иштөө мөөнөтүн;
жайгашкан жериңизди жана Сервистик компаниянын өкүлү же клиниканын врачы сиз менен дароо байланыша турган телефон номериңизди;
көйгөйүңүздүн маңызын жана Сизге кандай жардам керек экенин.
Медициналык мекемеге кайрылууда камсыздандыруу Полисин көрсөтүңүз.
ЧЫГЫМДАРДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР
Эгерде кандайдыр бир себептер менен Сиз дарыланууңуз үчүн эсептерди өз алдынча төлөгөн болсоңуз (эсептердин суммасы 200 АКШ долларынан/Евродон ашканда Сервистик компанияны бул тууралуу кабардар кылуу зарыл), Кыргызстанда кеткен чыгымдардын ордун толтурууну алуу үчүн «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААКга төмөнкү документтерди тапшырууңуз зарыл:
камсыздандыруу Полиси;
медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн тастыктаган расмий документ (эсеп-фактура), анда Сиздин маалыматтарыңыз, диагноз, көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси жана алардын наркы, дарылоону жүзөгө ашырган адам жөнүндө маалыматтар, медициналык мекеменин дареги жана телефону камтылышы керек;
ушул полисте каралган Сервистик компаниянын телефон номерин камтыган жана телефон сүйлөшүүлөрүнүн наркын көрсөткөн эсеп-фактура;
сапар учурунда кандайдыр бир дары-дармектерди сатып алганда, Сиз «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААК компаниясына врач тарабынан жазылган рецептти жана дарыканадан төлөнгөн эсепти тапшырууңуз зарыл.
Эгерде дарылоочу врач сизден акча албай, тескерисинче, сизге почта аркылуу накталай эмес жол менен акча которуу үчүн эсеп-фактураны берсе же жиберсе, анда сиздеги бардык эсеп-фактураларды «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААКга тапшырууңуз же почта аркылуу жиберүүңүз зарыл. Эсеп-фактура болгондо, «АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААКтын өкүлдөрү медициналык мекеме же сизди дарылаган врач менен байланышып, бул эсепти дайындалганга ылайык төлөп беришет.