Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун (Ташуучунун) автомобиль, аба, темир жол, суу транспортунун каражаттары менен ар бир ташууда жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыянды жана/же жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө, башкача айтканда жүргүнчүлөрдүн жүгүнө келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
Камсыздандыруу учурлары
Төмөнкүлөр камсыздандыруу учурлары болуп саналат:
транспорт каражатында жүргөн жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян;
ташуу учурунда жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (жүгүнө) келтирилген зыян.
Камсыздандыруу транспортто жүрүү убактысына жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу суммасы (жоопкерчилик чеги)
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик чеги 300 000,00 сомду түзөт;
Жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (жүгүнө) зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик чеги 10 000,00 сомду түзөт.
Тарифтер
автомобиль транспорту үчүн — 0,045%
темир жол транспорту үчүн — 5%
суу транспорту үчүн — 1%
авиациялык транспорт үчүн — 0,007%
Тарифтерге кошумча түрдө транспорт каражатынын түрүнө жана ташуулардын түрүнө (шаар ичиндеги, шаар аралык, эл аралык) жараша коэффициенттер колдонулат.
Камсыздандыруу төгүмүн эсептөө
Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу төгүмүн биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78