Юридикалык жактарга

Бажы өкүлдөрүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Көрсөтүлүүчү адамдардын мүлкүнө зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн келишимдердин бузулушунун натыйжасында Көрсөтүлүүчү адамдардын чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Көрсөтүлүүчү адамдардын мүлкүнө зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн келишимдердин бузулушунун натыйжасында Көрсөтүлүүчү адамдардын чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандыруу учуру

Камсыздандыруу тобокелдиги – Камсыздануучунун Көрсөтүлүүчү адамдардын мүлкүнө зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн келишимдердин бузулушунун натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тобокелдиги.

Камсыздандыруу учуру – Камсыздандыруу эрежелеринде каралган бардык жоболорду, аныктамаларды жана четтөөлөрдү эске алуу менен, Көрсөтүлүүчү адамдардын мүлкүнө зыян келтирилүүсүнүн же ушул адамдар менен түзүлгөн келишимдердин бузулушунун натыйжасында Камсыздануучунун Көрсөтүлүүчү адамдын чыгымдарын ордун толтуруу милдеттенмесинин аныкталгандыгы фактысы.

Окуя төмөнкү учурларда камсыздандыруу учуру деп таанылат: эгерде зыян келтирүү камсыздандыруу келишиминин иштөө мөөнөтү ичинде болсо жана Камсыздануучунун бажы өкүлү катары ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу менен Көрсөтүлүүчү адамдагы кесепеттердин ортосунда түздөн-түз себептик байланыш болсо.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу менен бажы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен аныкталат жана камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ

Камсыздандыруу сыйлыгы (камсыздандыруу төгүмдөрү) – Камсыздануучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Камсыздандыруучуга төлөөгө милдеттүү болгон камсыздандыруу үчүн төлөм.

Камсыздандыруу тарифи – камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени.

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тарифин эсептөөдө Камсыздандыруучу камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн аныктоо үчүн маанилүү мааниге ээ болгон ар кандай жагдайлардан келип чыгып, базалык камсыздандыруу тарифтерине жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү коэффициенттерди колдонууга укуктуу.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Камсыздандыруу келишиминин иштөө мөөнөтү Тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78