Юридикалык жактарга

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздандырылуучунун (жеке адамдын) ден соолугунун бузулушу же мындай кызматтарды уюштурууну жана көрсөтүүнү талап кылган жеке адамдын абалы, ошондой эле жеке адамдын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон тобокелдиктердин даражасын төмөндөтүүчү жана/же аларды жоюучу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү натыйжасында медициналык жана дары-дармек жардамын (медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү) жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана көрсөтүүгө акы төлөө менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздандырылуучунун (жеке адамдын) ден соолугунун бузулушу же мындай кызматтарды уюштурууну жана көрсөтүүнү талап кылган жеке адамдын абалы, ошондой эле жеке адамдын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон тобокелдиктердин даражасын төмөндөтүүчү жана/же аларды жоюучу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү натыйжасында медициналык жана дары-дармек жардамын (медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү) жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана көрсөтүүгө акы төлөө менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТОБОКЕЛДИГИ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЧУРУ

Камсыздандыруу тобокелдиги – болушу ыктымал жана туш келди белгилерине ээ болгон күтүлүүчү окуя, ушундай окуянын жүзөгө ашышы (келип чыгышы) учурunda камсыздандыруу жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу учуру – Камсыздандыруу келишиминин иштөө мезгилинде болгон окуя, анын келип чыгышы менен Камсыздандыруучунун Камсыздануучу (Камсыздандырылуучу) тарабынан тандалган Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу Программасында жана ага тиркемелерде каралган тиешелүү сапаттагы, номенклатурадагы, сервистеги жана аларды көрсөтүү шарттарындагы медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө, камсыздандыруу полисине тиркемеде көрсөтүлгөн уюмдардын катарындагы медициналык уюмда, Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу Программасында аныкталган жагдайлардын натыйжасында Камсыздануучунун (Камсыздандырылуучунун) ден соолугунун начарлашы учурунда акы төлөө милдеттенмеси келип чыгат.

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу Программасында Камсыздануучунун (Камсыздандырылуучунун) дарылоочу, консультациялык, калыбына келтирүүчү, бальнеологиялык, алдын алуучу, диагностикалык, фармакологиялык жана башка жардам алуусу каралышы мүмкүн.

Камсыздандыруу келишими боюнча, Камсыздандырылуучуга медициналык жана анын ден соолугуна байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүнү талап кылган жагдайлардын келип чыгышы камсыздандыруу учурлары деп таанылат. Түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин шарттары менен Камсыздандыруучу Камсыздандырылуучуга камсыздандыруу келишиминде аныкталган медициналык уюмдарда кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүнү жана аларга акы төлөөнү же Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу Программаларына (анын ичинде тиркемелерге) ылайык, камсыздандыруу келишиминде Тараптар макулдашкан шарттарда медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын ордун толтурууну кепилдейт.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ

Камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу келишими боюнча Тараптардын макулдашуусу менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) өлчөмү жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ

Камсыздандыруу келишими боюнча Камсыздануучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгы (камсыздандыруу төгүмдөрү – камсыздандыруу сыйлыгын бөлүп төлөөдө) Камсыздануучу тандаган камсыздандыруу тобокелдиктерине, медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине, аларды көрсөтүү шарттарына, камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнө, камсыздандыруу мөөнөтүнө, алдын ала медициналык кароонун жыйынтыктарына (эгерде ал Программада каралган болсо) жана камсыздандыруу келишиминде аныкталган башка шарттарга жараша белгиленет.

Камсыздандыруу тарифи – камсыздандыруу объектин жана камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн, ошондой эле башка камсыздандыруу шарттарын эске алуу менен, камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын чени. Конкреттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тарифи тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү тараптар макулдашкан камсыздандыруу суммасынын, базалык тарифтик чендин жана оңдоо коэффициенттеринин негизинде аныкталат.

Мында Камсыздандыруучу 60 жаштан ашкан Камсыздандырылуучу адамдар үчүн жогорулатуучу коэффициентти, ошондой эле Камсыздандырылуучунун алдын ала медициналык кароосунун жыйынтыктары боюнча эксперттик жол менен аныкталуучу, камсыздандыруу келишимин түзүүдө алынган башка маалыматтарды талдоонун негизинде, Камсыздандырылуучунун иш менен алектенүү түрүнөн, ден соолук абалына таасир этүүчү адаттардын бар же жоктугунан келип чыгып белгиленүүчү камсыздандыруу тарифтерине жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизүүгө укуктуу.

Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн аныктоодо, камсыздандыруу келишими түзүлүүчү адамга медициналык анкета толтуруу сунушталышы мүмкүн. Зарыл болгон учурда, камсыздандыруу келишими түзүлүүчү адам жөнүндө маалыматтарды тактоо үчүн, Камсыздандыруучу аны медициналык кароодон өткөрүүгө жиберүүгө укуктуу. Көлөмү Камсыздандыруучу тарабынан аныкталуучу медициналык анкетаны толтуруудан же медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан учурда, Камсыздандыруучу Камсыздануучуга камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу.

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгы Камсыздануучу тарабынан бир жолку – бүт камсыздандыруу мөөнөтүнө бир жолку төлөм менен же бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө) жолу менен – камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте төлөнүшү мүмкүн.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Камсыздандыруу келишими, эгерде келишимдин шарттарында башкасы каралбаса, бир жыл мөөнөткө түзүлөт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78