Биз товарды кампада камсыздандыруу сөзсүз зарыл деп эсептейбиз! Ушул жаатта биздин компания өзүнүн кардарларына профессионалдык жардамын көрсөтөт!
«АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» СК ААК товардык-материалдык баалуулуктарды камсыздандырууну, товарларды кампа комплекстеринде сактаган ири өндүрүштүк ишканалар жана дүң соода компаниялары үчүн да, ошондой эле майда чекене соода дүкөндөрү үчүн да сунуштайт.
Товарды камсыздандыруу суроо-талапка ээ болгон камсыздандыруу түрү болуп саналат, анткени практика көрсөткөндөй, товар менен көптөгөн жагымсыз окуялар болушу мүмкүн. Дээрлик күн сайын жаңылыктардан кампалардагы өрттөр же дүкөндөрдү тоноп кетүүлөр жөнүндө окууга болот.
Биз товардык-материалдык баалуулуктарды камсыздандырууну камсыздай алабыз, эгерде булар:
Кампадагы товардык запастар;
Көмөкчү бөлмөдөгү товардык запастар;
Соода залындагы товардык запастар;
Ташуу учурундагы товарлар (жүктөрдү камсыздандыруу).
Товардык-материалдык баалуулуктарды камсыздандыруу коргой турган тобокелдиктер:
Өрт (кокустан жана өрттөөдөн келип чыккан);
Жарылуу (анын ичинде жогорку басым колдонулган жабдуулардын);
Суу менен бузулуу;
Тоноо менен уурулук, талап-тоноо, карактоо;
Табигый кырсыктар;
Ишканага бөтөн адамдар тарабынан келтирилген атайылап зыян (вандализм, бейбаштык, тоноого ийгиликсиз аракеттер, өрттөө);
Жүктөө-түшүрүү же товарды кампанын аймагына жайгаштыруу учурундагы аракеттердин натыйжасында товардын бузулушу.
Товардык-материалдык баалуулуктарды камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын эсебин даярдоо үчүн бизге төмөнкүлөрдү билүү зарыл:
Товардык-материалдык баалуулуктардын түрү;
Камсыздандыруу суммасы, ошондой эле минималдуу, максималдуу жана орточо айлык калдыктар;
Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо жеринин негизги мүнөздөмөлөрү (аянты, курулган же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жылы; фундаменттин, дубалдардын жана чатырдын негизги материалдары);
Жалпы жана өрт коопсуздугу чараларынын кыскача мүнөздөмөсү (күзөт сигнализациясы, күзөт кызматы, автоматтык өрт өчүрүү системасы, өрт сигнализациясы).
Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78