Камсыздандыруунун объектиси болуп коркунучтуу өндүрүштүк объектилерди пайдалануучу уюмдун, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, коркунучтуу өндүрүштүк объектидеги авариянын натыйжасында үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы саналат.
Камсыздандыруу учуру
Камсыздандыруучу тарабынан пайдаланылуучу жана камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн коркунучтуу өндүрүштүк объектиде болгон авария же кырсыктын натыйжасында үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө же айлана-чөйрөгө зыян келтирүү камсыздандыруу учуру деп таанылат.
Камсыздандыруу компаниясы, эгерде Камсыздануучунун өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен байланышкан камсыздандыруу учуру төмөнкүлөргө алып келсе, жоопкерчилик тартат:
а) жабырлануучунун өлүмү, эмгекке жарамдуулугун жоготуусу, жабыркашы (физикалык зыян);
б) үчүнчү жактарга таандык мүлктүн жок кылынышы же бузулушу (мүлктүк зыян);
в) эгерде окуя камсыздандыруу учуру деп таанылса, жагдайларды жана Камсыздануучунун күнөөлүүлүк даражасын аныктоо боюнча максатка ылайыктуу чыгымдар;
г) болжолдонуучу камсыздандыруу учурлары боюнча сот органдарында иштерди жүргүзүү чыгымдары;
д) камсыздандыруу учурунун натыйжасында зыян тарткан адамдардын өмүрүн жана мүлкүн куткаруу же камсыздандыруу учуру келтирилген зыянды азайтуу боюнча зарыл жана максатка ылайыктуу чыгымдар.
Камсыздандыруу суммасы
Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү коркунучтуу өндүрүштүк объектинин түрүнө жараша болот жана белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммаларынан төмөн болушу мүмкүн эмес.
Камсыздандыруу тарифи
Камсыздандыруу тарифи 0,144% өлчөмүндө белгиленет. Кошумча жогорулатуучу коэффициент 1,5% колдонулат.
Камсыздандыруу төгүмүн эсептөө
Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу төгүмүн биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.