Камсыздандыруунун объектиси болуп КРнын мыйзамдарына каршы келбеген, Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) ташылып жаткан жүктөргө ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары саналат. Жүк деп ташуу, транспортировкалоо үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган мүлк түшүнүлөт.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТОБОКЕЛДИГИ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЧУРУ
Камсыздандыруу тобокелдиги – ушул камсыздандыруу жүргүзүлүүчү, болушу ыктымал жана туш келди белгилерине ээ болгон күтүлүүчү окуя.
Камсыздандыруу учурлары – камсыздандыруу келишимиnde каралган окуялар, алардын келип чыгышы менен Камсыздандыруучунун Камсыздануучуга (Пайда алуучуга) камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү милдеттенмеси келип чыгат.
Мында Камсыздануучунун (Пайда алуучунун) камсыздандырылган жүктүн толугу менен же бөлүгүнүн бузулушунан, толук кыйрашынан жана/же жоголушунан келип чыккан чыгымдарына байланыштуу бир окуянын натыйжасында болгон же бир окуя менен себептик байланышта болгон бир нече учурлар бир камсыздандыруу учуру катары каралат.
Камсыздандыруу келишими боюнча, төмөндө каралган камсыздандыруу шарттары боюнча окуялар камсыздандыруу учурлары деп таанылат:
«Бардык тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик менен»;
«Жеке авария үчүн жоопкерчилик менен»;
«Кыйроо учурларынан тышкары, бузулуулар үчүн жоопкерчиликсиз».
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ
Камсыздандыруу суммасы – келишим менен аныкталган акчалай сумма, андан камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет. Камсыздандыруу суммасы Камсыздануучу менен Камсыздандыруучунун макулдашуусу менен аныкталат, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкасы көрсөтүлбөсө, камсыздандыруу суммасы жүктүн камсыздандыруу (иш жүзүндөгү) наркынан ашпоого тийиш.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФИ
Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу суммасынын жана камсыздандыруу тарифинин өлчөмүнө жараша аныкталат. Камсыздандыруу тарифи камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алынуучу камсыздандыруу сыйлыгынын ченин түзөт.
Камсыздандыруу тарифтери Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу объектисинин жана камсыздандыруу тобокелдиктеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эсептелген базалык камсыздандыруу чендерин жана камсыздандыруу тобокелдигинин даражасына таасир этүүчү факторлорго жараша колдонулуучу аларга болгон оңдоо коэффициенттерин колдонуу менен аныкталат.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ МӨӨНӨТҮ
Камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашкан каалаган мөөнөтүнө түзүлүшү мүмкүн.
Камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчилик жүктү транспортко жүктөө учурунан башталып, жүк Жүк алуучуга дайындалган жерге жеткирилгенге чейин бүт ташуу учурунда иштейт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78