Юридикалык жактарга

Иш берүүчүнүн кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү үчүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

Камсыздандыруунун объектиси болуп Камсыздануучунун кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды ордун толтуруу милдеттенмеси менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

Камсыздандыруу учуру

Камсыздануучунун кызматкерлерине алар Камсыздануучунун кызыкчылыгында эмгек милдеттерин аткаруу учурунда алардын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна зыян келтирүү камсыздандыруу учуру деп таанылат.

Камсыздануучунун кызматкеринин өмүрүнө жана (же) ден соолугуна зыян келтирүү деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

а) эмгек жаракатынын натыйжасында Камсыздануучунун кызматкерлеринин эмгекке жарамдуулугун убактылуу толук же жарым-жартылай жоготуусу;
б) эмгек жаракатынын натыйжасында Камсыздануучунун кызматкерлеринин эмгекке жарамдуулугун туруктуу толук же жарым-жартылай жоготуусу;
в) эмгек жаракатынын натыйжасы болуп калган Камсыздануучунун кызматкеринин өлүмү.

Камсыздандыруу суммасы

Камсыздандыруу суммасы жылдык эмгек акы фондусунун кеминде өлчөмүндө белгиленет.

Камсыздандыруу тарифтери

Камсыздандыруу тарифтери экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча кесиптик тобокелдиктин классына жана персоналдын категориясына жараша дифференцияланган: өндүрүштүк, административдик-башкаруу жана жардамчы персонал.

Камсыздандыруу төгүмүн эсептөө

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу төгүмүн биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бизге төмөнкү телефондор аркылуу чалыңыз:
+996 (312) 39 82 24, +996 (312) 39 82 78