ОСАГО

ОСАГО келишимин мөөнөтүнөн мурун бузууда камсыздандыруу сыйлыгын кайтаруу

Биздин компанияга ишеним көрсөтүп, тандоо жасаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз кардарларыбыздын өз укуктары жана милдеттери тууралуу дайыма толук жана так маалыматка ээ болушун каалайбыз.

Бул колдонмо унаа каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) келишимин мөөнөтүнөн мурун бузууда камсыздандыруу сыйлыгын кайтаруу тартибин түшүндүрөт.

ОСАГО келишимин мөөнөтүнөн мурун бузууда камсыздандыруу сыйлыгын кайтаруу

Урматтуу кардарлар,

«АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» КАМСЫЗДАНДЫРУУ КОМПАНИЯСЫ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ!

 

1. Камсыздандыруу алуучунун демилгеси менен келишимди бузуу

Эгер сиз ОСАГО келишимин өз каалооңуз боюнча бузууну чечсеңиз, төлөнгөн камсыздандыруу сыйлыгы кайтарылбайт. Бул Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 965-беренесинин 4-бөлүгүндө түз каралган.

 

2. Камсыздандыруу сыйлыгын кайтаруу учурлары

Келишим иштебеген убакытка пропорционалдуу түрдө камсыздандыруу сыйлыгынын бир бөлүгүн кайтаруу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 965-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган төмөнкү учурларда гана жүргүзүлөт:

 - камсыздандырылган мүлктүн камсыздандыруу окуясы болгондон башка себептерден улам жок болушу;

 - эгер анын жарандык жоопкерчилиги камсыздандырылган болсо, жарандын аракетке жөндөмсүз деп табылышы же анын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши.

 

3. Унаа каражатын сатуу

Кардарлардын кайрылуусунун эң көп тараган себеби – унаа сатуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары камсыздандыруу коргоосун сактап калууга мүмкүндүк берүүчү механизмди карайт:

 - Жаңы ээси колдонуудагы ОСАГО полисун өз атына кайра расмийлештирүүгө укуктуу.

 - Кайра расмийлештирүүдө жаңы ээсинин айдоочулук параметрлери (жашы, стажы) эске алынып, камсыздандыруу сыйлыгы кайра эсептелет.

 - Эгер жаңы ээсинин параметрлери полистин баасын жогорулатса – айырмасы кошумча төлөнөт.

 - Эгер параметрлер бааны төмөндөтсө – айырманы кайтаруу мыйзамда каралган эмес.

Сунуш: унаа сатканда ОСАГО полисун сатып алуучуга Компаниянын кеңсесинде кайра расмийлештирүү үчүн өткөрүп бериңиз. Бул камсыздандыруу коргоосун сактап калууга жана төлөнгөн сыйлыкты жоготуудан сактанууга мүмкүндүк берет.

 

4. Кайрылуу тартиби

ОСАГО келишимин бузуу же кайра расмийлештирүү үчүн Компаниянын кеңсесине жазуу түрүндөгү арыз менен төмөнкү даректер боюнча кайрылуу зарыл:

 - Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 26-үй

 - Ош шаары, Мырзалы Аматов көчөсү, 3-үй

 

Урматтоо менен,
«АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» КАМСЫЗДАНДЫРУУ КОМПАНИЯСЫ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ

«СК АРСЕНАЛЪ-КЫРГЫЗСТАН» ЖАКтын адистери ОСАГО боюнча каалаган суроолоруңузга кеңеш берүүгө даяр.

📞 7007 — чалуу акысыз